Россия Кыргызстанга көчмө лаборатория берди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей,
көчмө лаборатория ар кандай бактерияларды, вирустарды,
коронавирус инфекциясын изилдей алат. Андан тышкары, азык-түлүктүн жана
топурактын курамын да текшерүүгө жөндөмдүү. Мындай жабдуулар учурда
стационардык лабораториялар ачыла элек райондорго керек. Буга чейин
Россия Кыргызстанга ушундай көчмө лаборатория берген.
Ал 2018-жылы өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда колдонулган.