Чүй облусунун Сокулук районунда жаңы шаарчаны куруу иштери старт алды.
Райондук администрациядан билдиришкендей, 5 миң үй-бүлө жашаган жаӊы
конуш пайда болот. Анын аймагында 4 мектеп, стадион, сейил бак жана ФАП
жайгашат. Турак жайлар 5 кварталга бөлүнөт. Конушту түзүүгө түрк
инвесторлору менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.