Кыргызстанга Moderna вакцинасынын 115 миң дозасы келди

Кыргызстанга Moderna вакцинасынын 115 миң дозасы келди.

Препарат Франция өкмөтү тарабынан COVAX программасынын

алкагында берилди. Эми аталган вакцина менен 18 жаштан жогорку

бардык каалочулар эмделе алышат. Биринчи жана экинчи дозанын

аралыгы 28 күндү түзөт. Препарат 94,1 пайызга натыйжалуу.

Ордо калаа тургундары үчүн «Модерна» эки күндүн ичинде

жеткиликтүү болот, ал эми аймактарга 10 күндүн ичинде жеткирилет.