Бишкекте бүгүн абанын температурасы 18 градуска чейин көтөрүлүп,
акыркы 30 жылдан бери алгачкы рекорд жаралды. Буга чейин 1992-жылы
25-ноябрда ордо калаада 21,7 градус жылуу аба-ырайы катталган. Бирок
синоптиктер эскертишкендей, жазгы күндөй бүгун гана жылуу болот,
эртеңден тартып кескин суук келет. Күндүз +2 градус гана жылыйт,
карга айланган жаан жаап, түнкүсүн суук болот.