Чүй жана Бишкектин айрым көчөлөрү 21-июндан 23-июнга чейин унаа кыймылына чектелет

Чүй жана Бишкектин айрым көчөлөрү 21-июндан 23-июнга чейин унаа кыймылына чектелет.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий сапарына байланыштуу “Манас” аэропортунун Бишкекке чейинки жолу, Жибек Жолу, Манас, Чүй проспектилери, Фучик көчөсү жана Бишкектен Токмокко чейинки айланма жолдо маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.