Чүйдө поезд менен жүргүнчү ташыган унаа кагылышып, 12 адам жабыркады

Чүйдө поезд менен жүргүнчү ташыган унаа кагылышып, 12 адам жабыркады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык Петровка-Нарзан темир жол өткөрмө жайында болду.

 

Соккундан бир аял ошол жерден көз жумду. Дагы 12 адам ар кандай жарааттар менен ооруканага жеткирилди. Алдын-ала маалыматка ылайык, кырсык Мерседес-Спринтер кичи автобусунун айдоочусу коопсуздук аралыгын сактабагандыктан болду. Авариянын чоо-жайы такталууда.