Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Бишкектин коменданты болду

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Бишкектин коменданты болду.

 

Бул тууралуу 24 агенттигине УКМКнын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Өмүрбек Суналалиев жарыялады.

 

Белгилеп кетсек, ордо калаада учурда элдик кошуундар түзүлүп жатат. Шаарда милиция жок. Ала-Тоо аянтында башаламан митинг уланууда. Абактан мурдагы чиновниктер чыгарылып жатат. Алардын арасында экс  депутаттар Равшан Жээнбеков жана Садыр Жапаров бар.