Бишкекте көп кабаттуу үйдө өрт чыгып, 22 адам эвакуацияланды

Бишкекте көп кабаттуу үйдө өрт чыгып, 22 адам эвакуацияланды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалыматка ылайык, жалын Калык Акиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн

батирлердин биринде чыкты. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Өрттүн келип чыккан себеби такталууда.