Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек аймагында кайрадан өзгөчө абал режимин киргизди. Өлкө башчы тиешелүү жарлыкка кол койду.
Бул анын буга чейинки киргизилген өзгөчө абал режими тууралуу чечимин Жогорку Кеңеш депутаттары 3 күн аралыгында кароого албай койгондуктан кабыл алынды.
Ага ылайык, өзгөчө абал бүгүн кечки саат 8де киргизилип, 19-октябрь таңкы саат 7ге чейин күчүндө болот.