Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо участкадан тышкары добуш берүү үчүн 3 миң 992 адамдан арыз түштү.
Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Мыйзамга ылайык, алар шайлоодон бир күн мурун, тагыраак айтканда, эртең, 10-июлда добуш берет.
Мындай укук Бишкекте 2 миң 602, Ошто 1 миң 168 жана Токмокто 222 шайлоочуга берилди. Бул категорияга майыптыгы бар жана үйдөн чыга албаган улгайган адамдар кирет. Ошондой эле ооруканада жаткан бейтаптар, абакта отургандар, алыскы жайлоодо жүргөндөр кошулат.