Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 10-июлдан тарта ресторандардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынат

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 10-июлдан тарта ресторандардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынат. Райондук администрациянын маалыматына ылайык, мындай чечимди ыкчам штаб кабыл алды.

 

Чектөө ошондой эле ашканаларга дагы тиешелүү. Учурда эл көп чогулган жерлерде дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат.