Кайра шайлоого карата милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Кайра шайлоого карата милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

 

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, коомдук тартипти сактоо үчүн 3 миң милиция кызматкери тартылды.

 

Ошондой эле элдик кошуун мүчөлөрү да жардам берет. 1 миңден ашык милиционер шайлоо участкаларына бекитилди. Эске салсак, кара шайлоо ушул жекшемби, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында өтөт. Бул күнү 3 калаада жалпысынан 326 шайлоо тилкеси ачылат.