Бишкек ЖЭБине казакстандан көмүр жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду

Бишкек жылуулук электр борборуна 400 миң тонна казакстандан көмүр жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду.

Бул тууралуу “Электр тармактары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көмүрдү жеткирүү графиги октябрдан тарта 2023-жылдын жазына чейин эсептелди.

Белгилеп кетсек, буга чейин Бишкек ЖЭБине быйыл 1 миллион 500 миң тонна көмүр керектелери айтылган.

Учурда Бишкек жылуулук электр борборунда 250 миң тонна көмүр бар.