Токтогул суу сактагычындагы нымдуулуктун көлөмү жана импорттолгон электр энергиясы кышты ийгиликтүү өткөрүүгө жетиштүү

Токтогул суу сактагычындагы нымдуулуктун көлөмү жана импорттолгон электр энергиясы кышты ийгиликтүү өткөрүүгө жетиштүү. Бул тууралуу Өндүрүш жана энергетика мамлекеттик комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

 

Анын айтымында, учурда Токтогул суу сактагычында 14,5 миллиард кубометр нымдуулук бар. Андан тышкары, Казакстандан электр энергиясы экспорттолуп баштады.

 

Коңшу өлкөдөн дээрлик жарым миллиард киловатт-саат электр энергиясы ташылат. Бул күзгү-кышкы сезонду ийгиликтүү өткөрүүгө жетет, — деди Сагынбаев.