Быйыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 миллиард сом бөлүндү

Быйыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 миллиард сом бөлүндү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча кеңешмеде билдирди.

Белгиленгендей, каражат тармакта башталган реформаларды аягына чыгарууга жумшалат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, жыйындын алкагында Жапаров эбегейсиз өлчөмдөгү электр энергиясы кайда кетип жатканы белгисиз экенин айтты.