Сузак районунун ички жолдору оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.
Аймактын жол тейлөө ишканасынан “Турмуш” басылмасына билдиришкендей,
учурда Көк-Жаңгак шаарындагы Пржевальск көчөсүнө асфальт төшөлүүдө.
Мындан тышкары иштер Багыш, Көк-Арт айыл аймактарында жүргүзүлөт.
Ага карата 6 миллион сом жумшалат. Жалпысынан иштерге
12 миллион каралган. Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү.