Кыргызстанда билим берүү мекемелери кадимки тартипте иштөөгө кызматкерлердин 70 пайызы коронавируска каршы эмделгенде өтөт

Кыргызстанда билим берүү мекемелери кадимки тартипте иштөөгө кызматкерлердин

70 пайызы коронавируска каршы эмделгенде өтөт. Ошондой эле эпидемиологиялык

кырдаал дагы эске алынат, — деп билдирди билим берүү министринин орун басары

Надира Жусупбекова. Анын айтымында, мектептер жана окуу жайлар кандай форматта

иштери азырынча аныктала элек. Эске салсак, буга чейин быйылкы жаңы окуу жылы

кандай болору мугалимдердин “Август кеңешмесинде” чечилери айтылган.

Учурда өлкөнүн билим берүү тармагында иштегендердин

55-80 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.