Дары-дармек жана медкаражаттар департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Айнура Абалиева Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин жаңы директору болуп дайындалды.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, жаңы директорду бүгүн эмгек жамаатына президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Жыпариса Рыспекова тааныштырды.