Кыргызстанда бир катар мектептерде сабактар кадимки форматта өтүлө баштады.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы
мектептердин 1-классынын окуучулары 19-октябрь же келаткан дүйшөмбүдөн тартып салттуу
режимде билим ала башташат. Эске салсак, Баткен жана Москва райондорунун 1-класстары да
мектепте окуп башташты. Мектептер дезинфекцияланып, бардык санитардык нормалар сакталууда.