Бишкектин борбордук бөлүгү жыл аягына чейин маршруттук таксилерден бошотулат

Бишкектин борбордук бөлүгү жыл аягына чейин маршруттук таксилерден бошотулат. Буга “Бишкек жүргүнчү автотранспорт” ишканасынын башчысы Нурлан Койчубаков ишендирүүдө.

 

Анын айтымында, өкмөт токтомуна ылайык, маршурттук линиялардын ордуна автобустар кое берилет. Бул максатта газ жана электр энергиясы менен жүргөн 520 автобуска тендер жакынкы күндөрү жарыяланат. Ал эми маршруттук таксилерге жаңы конуштарга  каттоо сунушталат, — деди Койчубаков.