Чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар президенттик шайлоолорго катышуу үчүн 29-декабрга чейин арыз жазышы керек

Чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар президенттик шайлоолорго катышуу үчүн 29-декабрга чейин арыз жазышы керек. Боршайкомдон билдиришкендей, алар форма-2 менен добуш берет. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоолордо чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу ачылган.

 

Бул добуш берүүдө алардын санын көбөйтүү карала элек.

 

Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор жаңырган жылдын  10-январында өтөт.