Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы Тажикстан тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы чек арачылардын позициясын аткылаганын маалымдады.

«Биздин чек арачылар алгач жооп катары ок атып, бирок кырдаалды курчутпоо үчүн биринчилерден болуп ок атууну токтотту», — деп жазылган маалыматта.

Тажикстан тарап бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан тарап 17-сентябрда бир нече жолу Баткендеги Паскы-Арык жана Достук айылдарын аткылаганын, муну менен 16-сентябрдагы сүйлөшүүлөрдө ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууларды бузганын маалымдады.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 16-сентябрда Чоң-Алай районунун Тажикстанга чектеш жайгашкан Жекенди айыл өкмөтүнөн 3 миңге чукул адам коопсуз жакка көчүрүлгөнүн билдирген.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда таңкы саат 6да Эки-Таш аймагын тажик тарап аткылап, бир сааттан кийин Кызыл-Бел участкасына ок чыгарганын, кийинчерээк кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча тажик тараптан аткыланганын кабарлаган.

Тажикстандын «Ховар» агенттиги тажик УКМКсынын Чек ара кызматына шилтеме кылып, кыргыз тарап тажик айылдарына таңкы саат 4тө кол салганын жазган. Бул маалыматты көз карандысыз башка булактар тактаган эмес.

16-сентябрда эки тараптын УКМК, Чек ара жана жергиликтүү бийлик башчыларынын деңгээлинде үч ирет жолугушуу болуп, ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга жетишилген. Бирок кайра эле атышуулар уланган. 16-сентябрда кечке жуук эки өлкөнүн лидерлери — Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтчасында жолугуп, кырдаалды талкуулашкан. Ок атышууну толук токтотуу, аскерлерин чек арадан алып кетүүнү макулдашкан.

Кыргызстандын Чек ара кызматы макулдашууларга карабай, Тажикстан тараптан аткылоо уланып, тажик аскерлери 16-сентябрда саат 22:20да «Тамдык» чек ара бекетин аткылаганын билдирген.

Тажикстандын Чек ара кызматы эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин ок атышууну токтотуу макулдашуусуна карабай, кыргыз тарап аскер техникасы менен Гафуров районунун, Ворух жана Чорку, Исфара шаарларын аткылап жатканын кабарлаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 14-сентябрда ок атылып, ага эки тарап бири-бирин күнөөлөгөн.