Чоң-Алайдан 5 миң 34 адам эвакуацияланды

Тажик тараптын аткылоосунан улам Чоң-Алай районунун 5034 тургуну эвакуацияланды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Анын ичинен 92 адам убактылуу жайгашуу пунктуна, 4942 жаран жакындарынын үйүнө барган.
Учурда тамак-аш жергиликтүү бийлик тарабынан берилүүдө.
Чон-Алай району боюнча эвакуациялоо иш-чараларына Жарандык коргонуу кызматтарынан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жалпы 185 кызматкер, 12 техника жана ошондой эле 673 жергиликтүү тургун, 149 техника тартылган.
ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан Чоң-Алай районуна 80 матрац, 44 жаздык, 500 жууркан бөлүнүп берилген.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 12:37де миномёт жана артиллерия менен Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позициясын аткылай баштаган. Эки тарап сүйлөшүп, саат 14:20да ок атуу токтогон.