Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылындагы мектептин капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, иштер 18-майда башталды.
Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 15 миллион сом каралды. Ремонт 10-августка чейин аяктайт деп пландалууда. Эске салсак, Максат айылындагы мектеп кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талкаланган болчу.