Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр уланууда

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр уланууда. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, Нариман Тюлеев биринчи вице-мэр кызматынан бошотулуп, анын ордуна кайрадан Алмаз Бакетаев  келди.

 

Ал эми ордо калаанын социалдык суроолор боюнча вице-мэр кызматына Айжан Чыныбаева дайындалды. Тиешелүү буйруктарга мэр Балбак Түлөбаев кол койду.

 

Эске салсак, буга чейин ордо калааны жаңы жетектеп баштаган Түлөбаев орун басарлары Алимбек Абдылдаев менен Виктория Мозгачеваны отставкага кетирген.