Дүйнөдөгү биринчи айдоочусу жок жүргөн автобустар бүгүн Улуу Британиянын жолдоруна чыгат.
Күтүлгөндөй, 2 жыл ичинде алар 10 миңге чейин жүргүнчү ташыйт. Автобустар саатына 80 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрө алат.
Салондо зарылчылык болсо кийлигише алган айдоочулар болот. Бирок алар рулга отурбайт. 2025-жылга карата айдоочусу жок өзү жүргөн автобустар Осло, Женева жана Кронах шаарларында дагы жүрүп баштайт.