Германиянын тургундарына жөн эле акча таратылат. Эксперттер атайын изилдөө жүргүзүү ниетинде, анын алкагында 120 адамга ай сайын 1 миң 433 евродон берилип турат.
Алардын башка каржы булагы барбы-жокпу маанилүү эмес. Каражат кайда кеткени дагы көзөмөлгө алынбайт. Адистер алардын жүрүм-турумуна гана байкоо жүргүзөт. Салыштыруу үчүн акча албаган башка топ дагы экспериментке катышат.