Кыргызстандын 500 сомдук жараксыз купюрасы Россиянын
интернет-аукционунда 80 эсе кымбат сатылууда. Ал 2000-жылы
жүгүртүүгө алгачкы ирет чыгарылган үлгүдөгү банкнота. Анын баштапкы
суммасы 42 миң сом түздү. Акчанын баалуулугу анын жалаң нөлдөн
турган номеринде. Белгилей кетсек, купюрага «Үлгү» деген мөөр коюлган.
Ал банк кызматкерлерине, элге жана уюмдарга тааныштыруу максатында
чыгарылган. Ачык булактарда жалаң нөл менен жазылган номердеги
ар кандай валютадагы купюралар сатууга чыкпай, үлгү катары
гана колдонулары жазылган болчу.