Ош облусунун Араван районунда эң ири тигүү цехи ачылды.
Өндүрүш Жаңы-Араван айылында жайгашат жана анда 250 адам
жумуш менен камсыздалды. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей,
тигүү цехи арабиялык инвесторлордун колдоосу менен курулду. Анын сметалык
баасы 35 миллион сом. Учурда цехте 89 жабдуу орнотулду. Дагы
200 машинаны сатып алууга Кытайга буйрутма берилди.
Жабдуулар келээри менен цех толук кандуу иштеп баштайт.