Дүйнөлүк Банк бөлгөн 30 миллион долларга Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналы оңдолот

Дүйнөлүк Банк бөлгөн 30 миллион долларга Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналы оңдолот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Биринчи радионун “Эл өкүлү” берүүсүндө айтты. Эл өкүлүнүн айтымында, Дүйнөлүк Банк бөлгөн 30 млн долларга 2026-жылга чейин каналды калыбына келтирүү жумуштары жасалат. Бул ирригациялык система Кара-Суу районундагы 16 айыл өкмөттүн сегизине суу жеткирет.

«1945-жылы башталып, курулушу 1949-жылы аяктаган суу каналынын узундугу 52 чакырымды түзөт. Анын айрым бөлүгү жергиликтүү элдин демилгеси менен ашар аркылуу бүткөрүлгөн. Бирок азыр толук реконструкциялоо иштерине муктаж. Кезинде каналга 30 метр3 суу сыйса азыр ага болгону 15 метр3 гана суу араң батат», — деген эл өкүлү.

Козуев Кара-Суу районундагы ортодо калган Барак айылынын тургундары тарткан жол азабына токтолуп, Өзбекстандын жетекчилиги менен чек арадан өтүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу аракети көрүлүп жатканын белгиледи.

Ош облусунун Кара-Суу, Араван райондорундагы Араван- Ак-Буура каналын модернизациялоого жана реконструкциялоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 17 млн. 870 миң евро бөлөрү айтылган. Макулдашуу Жогорку Кеңеште ратификациялаган.

Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика тармагына дагы 77 миллион доллар бөлүүнү караштырып жатканын билдирген.