Бишкекте жаңы конуштарга жарык өткөрүү уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул ирет жаңы шамчырактар Кара-Жыгач конушунда пайда болду. Адистер 8 миң метр электр өткөрүү линияларын тартып, 270 даана шамчырак орнотушту.
Кошумчалап кетсек, көчө жарыгы боюнча арыздар “Бишкексвет” муниципалдык ишканасында кабыл алынууда.