УКМК кыргыз-казак чек арасынан жүргүнчү ташыган автобустар өтпөй жатат деген маалыматты четке какты

Кыргыз-казак чек арасынан жүргүнчүлөрдү ташыган автобустар өтө албай жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы 24.kg агенттигине билдирди.

Казак тарап Кыргызстандын жарандары үчүн чектөөнү алып салгандан бери өткөрмө бекеттерде бир дагы жүргүнчү ташыган автобус каттала элек.

Анын үстүнө Казакстан аркылуу Өзбекстан менен Россияга транзиттик каттамдарга билеттер да сатылган эмес, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин Казакстан чек араны ачканы менен жүргүнчү ташыган автобустар өткөрүлбөй жатканы айтылган.