Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары коомдук транспортто жол кире тарифтерин көбөйтүү суроосун карап жатат

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары коомдук транспортто жол кире тарифтерин көбөйтүү суроосун карап жатат. Автобус, троллейбустарда 11 сом, маршруттук таксилерде 15 сомго чейин көтөрүү сунушталды.

 

Ал эми пенсионерлер тууралуу айта турган болсок, алар эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин маршруттук таксилерде жүрүү үчүн азыркыдай 5 сом эмес, 8 сомдон төлөп калат.

 

Эске салсак, Бишкектин коомдук транспортунда жол кирени көтөрүү суроосу кыштан бери көтөрүлүп келет. Мэрия бул маселени сентябрда чечүүгө убада берген.