Кийинки жылы Энергетика тармагына 10 миллиард сомдон ашык бөлүнөт

Кийинки жылы Энергетика тармагына 10 миллиард сомдон ашык бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кееште Каржы министри Алмаз Бакетаев жарыялады. Анын айтымында, тармакты 10 миллиард 800 миллион сомго капиталдаштыруу пландалып жатат.

 

Ал эми 2024-жылы бөлүнө турган сумма 55 миллиард сомго жетсе, 2025-жылы 57 миллиард сом бөлүү пландалууда.

 

Бул өлкөнүн энергетикалык системасын жакшыртууга шарт түзөт, — деди чиновник.