Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашырууга 500 миллион сом бөлүндү

Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашырууга 500 миллион сом бөлүндү.

Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ушул жылы дем берүүчү

гранттардын эсебинен 196 долбоор каржыланып, ага 504 миллион сом жумшалат.

Каражаттардын басымдуу бөлүгү мектеп, бала бакча, спорттук жайларга,

инженердик жана коммуникациялык инфраструктураны жакшыртууга багытталат.