Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына дагы бир кыргызстандык балбан жолдомо утуп алды

Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына дагы бир кыргызстандык балбан жолдомо утуп алды.

Алматыда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча турнирде Акжол Махмудов 77 килограммга чейинкилер

арасында күч сынап, чейрек финалда Палестинанын спортчусун 11:0 эсебинде, жарым финалда

Индиянын спортчусун 8:2 эсебинде жеңди. Махмудов эми финалда Япониянын балбаны менен күч сынайт.

Белгилеп кетсек, ушуну менен Кыргызстандын карамагында Олимпиада оюндарына 8 жолдомо бар.