Олимпиада оюндарына карата Кыргызстан куржунунда тогузунчу жолдомо түштү.
Алматыда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча турнирде Үзүр Жусупбеков жолдомо утту.
Ал 97 килограммда күч сынашып чейрек финалда индиялык балбанды 9:0 эсебинде жеңсе,
финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кореялык балбан менен кез келип аны 6:0 упай менен утту.
Белгилеп кетсек, учурда биздин өлкөнүн спортчулары Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков,
Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Денис Петрашов,
Жоламан Шаршенбеков жана Акжол Махмудовдо Олимпиада оюндарына жолдомо бар.