Кыргызстанда канттын баасына кайрадан мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда канттын баасына кайрадан мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ республиканын керектөөчүлөрүнө кумшекердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында даярдалды.

 

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, октябрь айында кумшекердин бир килограммы дээрлик 2 сомго кымбаттап, 68 сомду түзгөн.

 

Ал эми былтыркы жылга салыштырмалуу баа дээрлик  30 пайызга кымбаттады.