Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт. Коргоо министрлигинин Каржы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Асхат Оморов билдиргендей, аскер кызматкерлери сентябрь айынын соңунан тарта жогорулаган айлык ала башташат. Офицердик курамдын оклады 50 пайызга, сержанттардыкы 30 пайызга көтөрүлдү.

 

Алсак, буга чейин 7 миң 600 сом айлык алган взвод командирине эми 12 миңден берилет. Ал эми бригада командиринин мурдагы   9 миң сом айлыгы 14 миң сомго жеткирилди.