“Миландын” футболчусу көз ачып жумгуча гол киргизип, тарыхта калды

“Миландын” футболчусу көз ачып жумгуча гол киргизип, тарыхта калды. “Милан” – “Сассоуло” беттешинде калыстын ышкырыгы жаңырып, оюн башталганда эле чабуулчу Рафаэль Леау пасты алып, голго айландырды. Бул үчүн ага 6 секунд жетиштүү болгон.

 

Буга чейинки рекорд италиялык Паоло Поджиге таандык болчу. Ал 2001-жылы “Пьяченца” менен “Фиорентина” беттешинин тогузунчу секундасында эсеп ачкан.