Нидерланддар Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө жардам көрсөттү

Нидерланддар Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө жардам көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, аталган өлкө биздин

республикага 100 миң евро бөлүп берди. Каражат алуу боюнча макулдашуу

Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги жана Европа департаментинин

Борбордук Азия боюнча бөлүмү ортосунда жетишилди. Берилген сумма

COVID-19га каршы күрөшүүдө керектүү дары-дармектерди сатып алууга багытталат.