Баткендеги аз камсыз 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди.
Эмгек министрлигинен билдиришкендей, акча грант түрүндө бизнес-идеяларды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн.
Программанын максаты жакыр үй-бүлөлөргө оор турмуштук кырдаалдан чыгууга жардам берүү.
Белгилеп кетсек, бул пилоттук долбоор республиканын эки районунда – Кадамжай жана Жумгалда башталды жана ал бүтүндөй республика боюнча ишке ашырылат.