Ошто эттин баасы 480 сомго чейин төмөндөйт

Ошто эттин баасы 480 сомго чейин төмөндөйт.

Мындай чечим мэриянын эт баалары боюнча жумушчу кеңешменин

жүрүшүндө кабыл алынды. Түштүк калаанын вице-мэри  Замир Юсуповдун айтымында,

арзандатуулар 30-июлдан тартып күчүнө кирет. Белгилеп кетсек, Ош шаарында акыркы

үч айда эттин килограммы 460 сомдон 500 сомго чейин жогорулады. Калаа тургундары

бааларды жөнгө салуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү

өтүнүчү менен мэрияга кайрылышууда.