“Коопсуз шаар” долбоорунун маалыматтык сервиси ишин жандандырды

“Коопсуз шаар” долбоорунун маалыматтык сервиси ишин жандандырды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, бүгүнтөн тарта сервис кадимки режимде иштеп баштады, айыптарды текшерүү функциясы бардык маалыматты көрсөтүп жатат.

 

Системанын иштен чыгуусу айыптарды төлөөдөгү 50 пайыздык арзандатуусуна таасирин тийгизбейт. Ал иштебей турган 6 күн эске алынат, — дешти ведомстводон.