Дүйнө чемпионатынын тайпалык этабындагы бүйүр кызыткан беттештерге бай дагы бир күн жыйынтыкталды

Дүйнө чемпионатынын тайпалык этабындагы бүйүр кызыткан беттештерге бай дагы бир күн жыйынтыкталды. Кечээ оюн талаасына алгач Швейцария – Камерун курамалары чыгып, европалыктар 1:0 эсеби менен жеңишке жетти. Голдун автору – Брель Эмболо. Ал эсепти 48-мүнөттө ачты.

 

Экинчи жолугушууда уругвайлыктар канчалык аракет кылбасын, Түштүк Корея футболчулары аларга туруштук бере алды – оюн эсеби ачылган жок, 0:0.

 

Буга карабай, эки курамада тең учурда 1ден упай бар.