Франциялык «ПСЖ» клубу келерки жайда чабуулчу Неймарды 180 миллион еврого сатууга даяр

Франциялык «ПСЖ» клубу келерки жайда чабуулчу Неймарды 180 миллион еврого сатууга даяр.

Буга чейин бразилиялык спортчуну алуу боюнча «Барселонадан» франциялык клубга сунуш түшкөн.

Бирок, «ПСЖ» ал сунушка макул болгон эмес. Эми «ПСЖ» Неймарды мурункудай 300 миллион эмес,

180 миллион еврого сата турганын айтууда. Белгилей кетсек, 2017-жылы «ПСЖ» Неймарды

«Барселона» клубунан 222 миллион еврого сатып алган. Анын келишими 2022-жылга чейин түзүлгөн.