“Реалдын” чабуулчусу Карим Бензема Чемпиондор Лигасынын мыкты бомбардири аталды

“Реалдын” чабуулчусу Карим Бензема Чемпиондор Лигасынын мыкты бомбардири аталды. Форвард турнирдеги 12 беттешке катышып, аларда 15 гол киргизди.

 

Экинчи орунда “Бавариянын” чабуулчусу Роберт Левандовски 13 голу менен турат. Бомбардирлердин үчилтикин “Аякстын” футболчусу Себастьен Аллер жабат. Эске салсак, Чемпиондор Лигасынын финалында “Реал” “Ливерпульду” 1:0 эсебинде утуп алды.

 

Муну менен Бензема турнирдин бешинчи жолку жеңүүчүсү болду.