Google туристтер эң көп жолу издеген мамлекеттерди атады. Рейтингдин сап башында Мальдив аралы турат. Экинчи орунду Япония ээлейт. Үчүнчү сапка Франциядагы Полинезия аймагындагы Бора-Бора аралы илинген.
Ошондой эле эл көп каттагысы келген алдыңкы беш жерге Америкадагы Лас-Вегас менен Мексиканын борбору Мехико кирет. Андан тышкары, рейтингге Аляска, Жаңы Орлеан, Калифорния штаттары, Нью-Йорк шаары, Коста-Рика кошулган.