Аба-ырайынын начар шарттарынан улам, айдоочуларга бул күндөрү этият болуу сунушталат

Аба-ырайынын начар шарттарынан улам, айдоочуларга бул күндөрү этият болуу сунушталат. Дөңгөлөктөр сөзсүз түрдө кышкыга алмаштырылган болушу шарт. Ал эми алыскы сапарга чыккандар жанына тайгактыкка каршы күрөшүүчү шаймандарды ала жүрүшү керек.

 

Өзгөчө бул Бишкек-Ош трассасына чыккандарга тиешелүү. Эң кооптуу деп, мурдагыдай эле Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашуулары саналат.