Кыргызстанда дагы бир мамлекеттик мекеме түзүлдү

Кыргызстанда дагы бир мамлекеттик мекеме түзүлдү – ал “Түндүк”  деп аталат. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. “Түндүк” Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагында иштейт.

 

Ал мамлекеттик органдар ортосундагы маалымат алмашууну камсыздайт. Андан тышкары, жаңы мекеме өз ишинин алкагында жеке маалыматты коргоого жооптуу болот.